Адвокат Самат Матцаковдун соту уланууда
Адвокат Самат Матцаковдун 29-декабрда, саат 12де башталган соту дале уланууда. Адвокаттар бүгүнкү сот жараянында алты ирет сотко ишенбөөчүлүк келтиришти. Бирок судья Туратбек Бекенов анын баарын четке какты. Учурда сот отуруму уланып жатат.
Бул тууралуу Матцаковдун жактоочусу Нурсултан Жаныбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын сөзүнө караганда, 29-декабрдагы сот отурумунда Матцаковдун бөгөт чарасынын мөөнөтү каралууда. Ошондой эле бул күнкү процесске тергөө тобунун башчысы да көрсөтмө берүүгө чакырылган.
Самат Матцаковдун укугун сотто 13 адвокат коргоп жатат. Анын бөгөт чарасынын мөөнөтү 30-декабрда, саат 00:00дө аяктайт.
Адвокат Матцаковдун соту 27-декабрда да болгон. Анын жактоочулары сотко ишенбөөчүлүк келтиришкен.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Самат Матцаковду 29-ноябрь күнү кармаган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү аныктап, 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.
Атайын кызмат адвокатка козголгон иш тууралуу алты күндөн кийин гана – 5-декабрда маалымат берип, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган.
Матцаков өзү жана адвокаттары айыпты четке кагып, "саясий жүйө" менен кармалганын айтышууда.(ZKo)