ru24.pro
World News
Декабрь
2024

Түштүк Кореянын парламенти президенттин милдетин аткаруучуга импичмент жарыялоону колдоду

0
Түштүк Кореянын парламенти президенттин милдетин аткаруучу Хан Док Суга импичмент жарыялоону колдоп добуш берди. "Рёнхап" агенттиги белгилегеней, буга чейин өлкө тарыхында мамлекет башчынын кызматын убактылуу аркалап жаткан жетекчиге импичмент жарыяланып көргөн эмес.


Хан Док Су Түштүк Кореянын премьер-министри, Юн Сок Ёл кызматынан четтетилгенден кийин президенттин ыйгарым-укуктары ага жүктөлгөн.


Оппозициядагы Демократиялык партия Хан конституциялык соттун судьяларын дайындоону жактырбаса, аны кызматтан кетиришерин эскертишкен. Бирок Хан башкаруудагы жана оппозициядагы партиялар саясий мунасага келмейинче судьяларды дайындабай турганын айткан.


Аны кызматтан четтетүүнүн мыйзамдуулугун Конституциялык сот карайт, ага чейин финансы министри президенттин милдетин аткаруучу болуп турмакчы.


14-декабрда мыйзам чыгаруучулар президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоону колдогон. Конституциялык сот 180 күн ичинде аны кызматынан биротоло ажыратууну же ыйгарым укуктарын калыбына келтирүүнү чечүүгө тийиш.


Учурда Юн Сок Ёлго өлкөдөн чыгууга тыюу салынган, аны камакка алуу маселеси каралууда.


Мыйзамга ылайык, президенттин милдетин аркалоо өкмөт башчыга жүктөлгөн.


Президент 3-декабрда күтүүсүздөн өлкөдө аскердик абал жарыялаган. Ал өз чечимин "оппозициянын мамлекетке каршы ишмердүүлүгү өкмөткө жолтоо болуп жатканы" менен түшүндүргөн.


Анын кайрылуусунан бир нече сааттан кийин парламент бул жарлыкты жокко чыгарган. Юн Сок Ёл жарлыгы үчүн коомчулуктан кечирим сураган. Коргоо министри кызматтан кетип, көп өтпөй камакка алынган.