ru24.pro
World News
Декабрь
2024

Эл аралык ишкердик кеңеши өлкөдө бизнести текшерүүлөр көп болуп жатканын билдирди

0
Эл аралык ишкердик кеңеши ушул жылы экономиканын ар кайсы тармагында иш алып барган кызмат көрсөтүү, өндүрүш жана башка ишердиктин түрлөрү текшерүүгө көп кабылганын билдирди. Бул тууралуу уюмдун 27-декабрда Фейсбуктагы баракчасына 2024-жылдагы абал тууралуу жарыялаган баяндамасында белгилеген.


“Мындай текшерүүлөр көбүнчө товарларды алып коюу, кеңсени, өндүрүштүк жана кампа жайларын жаап коюу чаралары колдонулганын, мындай чечимдер компаниянын толук кандуу иштешине тоскоол болот, ишкерлерге белгисиздикти жаратып, аларды туруктуу өнүгүүдөн оолак калтырат”, - деп жазылган баяндамада.


Мындан тышкары президент Садыр Жапаровдун ишкердикти текшерүүгө мораторий киргизүү тууралуу жарлыгында укук коргоо органдарынын бизнеске таасири төмөн болушу керектиги белгиленгени, ага карабай кийлигишүүлөр уланып жатканы жазылган.


Уюм  жер участоктору, коммерциялык имараттар, өндүрүштүк жайлар жана социалдык аянтчалар жеке жактан мамлекетке өткөрүлүп жатканын, мындай улутташтыруу өнөктүгүнөн ак ниет ишкерлер жана бизнес өкүлдөрү зыян тартып калышы мүмкүн экенин белгилеген.


Мыйзам үстөмдүгү орногон өлкөлөрдө мыйзамсыз алынган объектилерди улутташтыруу бардык укуктар сакталган шартта чыккан соттун чечиминен кийин гана ишке ашарын, мындайда даттанууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, керек болсо кенемте төлөп берүү жагы да караларын жазган.




Эл аралык ишкердик кеңеши баяндамасында салык тармагындагы реформаларга оң баасын берип, ишкердик чөйрөсүндөгү бир катар көйгөйлөргө да токтолгон.


Быйыл 9-январда президент Садыр Жапаров бизнесмендерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу негизсиз текшерүү болсо өзүнө кайрылууга чакырган.


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети убагында жеке жактарга мыйзамсыз берилген делген мүлктөрдү мамлекетке өткөрүп алуу өнөктүгүн улантууда. Алардын арасында жер участоктору, имараттар, социалдык объектилер, мейманканалар, базарлар жана башка жайлар бар.


Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекетке кайтарылып жаткан мүлктөр убагында мыйзамсыз берилгенин, мыйзам чегинде ээлик кылынган жеке мүлктөргө тийбей турганын быйыл июлда билдирген.