ru24.pro
World News
Декабрь
2024

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна старт берилди

0
27-декабрда Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Кытай менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземи өттү.


Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформа мамлекеттик комитетинин төрагасы Жень Шанзе Кытай лидери Си Цзинпиндин долбоордун старт берилишине байланыштуу кайрылуусун окуп, бул Бээжин үчүн маанилүү экендигине токтолду. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кайрылуусун бул өлкөнүн премьер-министринин орун басары Жамшит Ходжаев окуп, үч өлкө бул күнгө 30 жыл умтулганын белгиледи.


Президент Садыр Жапаров долбоор үчүн коңшу эки өлкөнүн лидерлерине ыраазычылык билдирип, бул Кытай менен Европаны бириктирген темир жол болоорун жана Борбор Азия мамлекеттерин өнүктүрүүгө салым кошорун билдирди.


Мындан соң Садыр Жапаров жана эки өлкөнүн өкүлдөрү курулуш үчүн коюлган атайын ташты чогуу ачып, долбоорго символикалуу түрдө старт беришти.


“Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун курулушу утур-утур жылып келаткан. Садыр Жапаров быйыл июль айында үч өлкөнүн темир жолунун курулушу августта башталарын билдирген.


“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев октябрда башталарын айтса, Министрлер кабинетинин ошол кездеги төрагасы Акылбек Жапаров ноябрдын аягында курулушка старт берилерин кабарлаган. 20-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда президент Садыр Жапаров долбоорго 27-декабрда старт берилерин айткан эле.


Бишкекте “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” ишканасы түзүлдү. Анын негиздөөчүсү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания болот. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.


2024-жылы 6-июнда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 19-июнда кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 27-июнда кол койгон.


“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет.


Кыргыз өкмөтү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол курулушунун уставдык капиталына 11 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарыялаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда жазылган.


Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат. (ErN)