ru24.pro
World News
Декабрь
2024

Парламентте депутат менен Салык кызматынын башчысы кайым айтышты

0
Жогорку Кеңештин 26-декабрдагы жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков менен Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов кайым айтыша кетти.


Айдарбеков “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунда салык карызын өндүрүү чаралары боюнча талаптар чоң көйгөйдү пайда кыларын белгилеп, комитет жыйынында бул беренени алып салуу сунушталганын айтты.


Бул мыйзам аталган берене менен кошо кабыл алынса, “башка юридикалык жактын өкүлү Cалык кызматына кайрылып, салык төлөй албай турганын айтса, аны ошол компания менен келишим түзгөн жактан өндүрүп алууга жол ачыларын” белгиледи.


Алмамбет Шыкмаматов мыйзам долбоорундагы бул берене алып салынганын айтып, депутат Айдарбековду коомчулукка туура эмес маалымат берүүдөн алыс болууга чакырды.


“Мунун баары азыр жок, жалган маалымат да. Өткөндө Мамлекеттик ипотекалык компания боюнча айтып, коомчулукту козуткансыз. Сиз комиссия менен барып текшерип көргөнсүз. Азыр деле барып текшерсеңиз болот. Андагы кезекти өзгөртүүгө болбойт, санариптик шартта бул мүмкүн эмес. Тескерисинче, сиздер менен биз бир командабыз, кызыкчылыгыбыз мамлекет да”, - деди Шыкмаматов.


Чыңгыз Айдарбеков парламент жыйынына чакырылган өкмөт өкүлдөрү башка маселелер боюнча депутаттарга комментарий берүүгө укугу жок экенин белгилеп, мындайга жыйынга төрагалык кылган киши жол бербеши керектигин айтты.


“Бул жерде конструктивдүү жол менен талкуулайлы. Кодекстин тегерегинде болгон маселени мен көтөрүп, сиз жооп бердиңиз. Элге бул жакшы болду. Биз баарыбыз элдин мүдөөсүн аткарышыбыз керек”, - деди Айдарбеков.




Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы сессиясында депутат Айдарбеков мамлекеттик ипотекалык батирлердин кезегине нааразы жарандар кайрылганын айтып, ачык-айкындуулук болбосо, атайын комиссия түзүлөрүн эскерткен.


Мамлекеттик ипотекалык компания караштуу болгон Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев ипотекалык батирлер ачык, адилеттүү бөлүштүрүлөрүн жазган.


Ипотекалык компания берген түшүндүрмөcүндө белгиленгендей, Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, калктын аярлуу катмары – майыптыгы бар адамдар, майып балдарды баккандар, көп балалуу үй-бүлөлөр сыяктуу категорияга өзүнчө тизме түзүлгөн. Башкача айтканда, бул категориядагыларга кезекке турууда артыкчылык берилген.


Быйыл жыл башында "Менин үйүм 2021-2026" программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол коюлган. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган мамлекет башчы Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштаарын билдирген.


Президент Жапаров мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин карамагындагы жер тилкелерин аныктап, аларды МИКке мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү тапшырмасын койгон. Март айында Мамлекеттик ипотекалык компания Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөн. (TAb)