ru24.pro
World News
Декабрь
2024

Иран бийлиги WhatsApp менен Google Play тиркемесинен чектөөнү алат

0
Ирандын бийлиги WhatsApp мессенжерин жана Google Play тиркемесин колдонууга салынган тыюуну алууга макул болду. Кибер мейкиндикти көзөмөлдөө кеңеши айрым чет элдик платформалардан, арасында сөз болгон тиркемелерден чектөөнү алып салуу сунушун колдоп добуш бергенин Ирандын мамлекеттик ИРНА агенттиги кабарлады. Кеңеш адатта өз жыйындарын жабык өткөрөт. Жаңы чечим качан күчүнө кирери белгисиз.


Ирандын байланыш министри Саттар Хашеми “интернеттеги чектөөлөрдү алууга биринчи кадам бир добуштан жана консенсус аркылуу жасалганын” Х тармагына жазды.


Буга чейин президент Масуд Пезешкиан интернеттеги тыюуларды жумшартууну убада кылган.


Реформачылардын "Шарг" гезити парламенттин 290 мүчөсүнүн 136сы чектөөнү алып салуу Ирандын душмандарына жасалган "белек" болуп каларын айтып,  кибер мейкиндикти көзөмөлдөө кеңешине кат жолдогонун жазды.


2009-жылы бөгөттөлгөн Facebook, Х, Telegram, YouTube платформаларын колдонууга мурдагыдай эле мүмкүн эмес.


Ал эми Google Play менен WhatsApp тиркемесин колдонууга 2022-жылы студент Махса Амининин полициядагы өлүмүнөн кийин тутанган нааразылык акцияларынан кийин тыюу салынган.