ru24.pro
World News
Декабрь
2024

Москва соту АКШнын жаранын тыңчылыкка айыптап, 15 жылга кести

0
Москва шаардык соту Американын жараны, Орусияда туулуп-өскөн Южин (Евгений) Спекторду 15 жылга эркинен ажыратты. Аны тыңчылыкка айыпташууда.


Батыш мамлекеттери Москва чет элдик жарандарды туткундарды алмашууда колдонуу үчүн атайын кармап жатат деп айыптап келишет.


Спектор 2023-жылдын август айында кармалган. Сот жараяндары ушул күнгө чейин жабык өтүп келгендиктен, ал эмнеге айыпталып жатканы так белгисиз. Иште кандайдыр бир жашыруун маалыматтар бар экени айтылган. Спекторго ошондой эле башка иш боюнча 15 миллион рублдай айып пул салынды. Ал күнөөсүн мойнуна алган-албаганы да беймаалым.




ТАСС маалымат агенттиги жазгандай, Спектор 1972-жылы Ленинградда (азыркы Санкт-Петербург) шаарында туулган. Кийин АКШга көчүп кетип, жарандык алган.


Спектор онкологиялык оорулардын дарыларын чыгарууга адистешкен Medpolymerprom Group фармацевтикалык компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы болгон. 2021-жылы ал пара берүүгө айыпталып, төрт жылга эркинен ажыратылган. Кийин анын жаза мөөнөтү алты айга кыскарган.


1-августта Вашингтон менен Москва ортосунда туткундарды айырбаштоо жараяны өткөн. Учурда Орусиянын абактарында 10дон ашуун америкалык кармалып турат.