ru24.pro
World News
Декабрь
2024

Алагөзов: Президент Жапаров ЭТТКны ири товарларга гана калтыруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну тапшырган

0
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго салыкты жеңилдетүү тапшырмасын бергенин билдирди. Фейсбукка 23-декабрда чыккан билдирүүдө Садыр Жапаровдун базарлардагы көйгөйлөр тууралуу маалыматы бар экени жана "салык элдин жонунан кайыш тилгендей болбошу керек" деген тапшырма бергени жазылган.



“Мамлекет башчысында өлкө боюнча чоң-кичи базарлардагы, дүкөн-күркөлөрдөгү соода менен алектенгендердин ишмердигинде жаралган көйгөйлөр боюнча акыркы толук маалымат бар.

Дал ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаров жакында эле Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Салык кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго ЭТТК боюнча тез арада тыкыр анализ жасап, бул ыкманы ири товарларга гана калтыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү тапшырган", - деп жазды Алагөзов.

Мамлекеттик салык кызматынын жаңы жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын (ЭТТК) бардык товарга эмес, беш гана түрүнө киргизүү керектигин билдирген. Шыкмаматов бул тууралуу 23-декабрь күнү Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде депутаттардын суроосуна жооп берип жатып айткан. Жыйынга катышкан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Амангелдиев муну анын жеке пикири катары сыпаттап, экөө кайым айтышкан.

Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиев өткөн жумада парламентте жаңы салык саясаты соңку учурда көп талкууланып жатканын белгилеп, алдыда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (орусчасы ЭТТН), көзөмөл-кассалык машина (ККМ), электрондук эсеп-фактурасы (ЭЭФ, орусчасы ЭСФ) боюнча жумушчу топ түзүлүп, жеңилдетүү маселеси караларын билдирген.



Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кеткен. Мындай кадам салык маселесине байланыштуу болгонун президент Садыр Жапаров билдирген. (ZKo)