ru24.pro
World News
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23
24
25
26
27
28
29
30
31

Пакистанда согушкерлер Ооганстан менен чек ара аймагында ондон ашуун аскерди өлтүрүп кетишти

0
21-декабрда Пакистанда согушкерлер Ооганстан менен чек ара аймагында ондон ашуун аскерди өлтүрүп кетишти. Полициянын өкүлү Хидаят Уллах «Машаал» радиосуна билдиргендей, жоочулар Түштүк Вазиристандагы текшерүү пунктуна кол салганда коопсуздук кызматынын 16 өкүлү окко учту, сегизи жараат алды.


Чабуулду «Техрик-и Талибан Пакистан» (ТТП) уюму уюштурганын моюнуна алды. Алардын айтымында, пакистандык 35 аскер набыт болду. Журналисттер бул санды көз карандысыз булактардан бышыктай алган жок.


Канча согушкер каза тапканы айтылган жок.


Талибдер 2021-жылдын августуна кайрадан Кабулду алгандан кийин Пакистандын Түштүк Вазиристан кирген Хайбер-Пахтунхва провинциясында ТТПнын кол салуулары көбөйгөнү байкалууда. Алар шариятты киргизүүнү көздөшөт.


Соңку кол салуу алдында Сур Рогха районундагы уруу аксакалдары коопсуздук күчтөрүн тактикасын өзгөртүүгө, согушкерлерди артиллерия жана минометтор менен аткылабоого чакырышкан. Эмне дегенде андай чабуул маалында карапайым тургундар да жабыркап жатат.


Пакистандагы жаңжалдарды жана коопсуздукту изилдөө борбору соңку докладында ноябрда Хайбер-Пахтунхвада 240тан ашуун киши “террордук окуялардан” каза тапканын жазган. Арасында 68 коопсуздук кызматкери бар.


Ал эми армиянын башкармалыгы ал провинцияда ондогон шектүү согушкер жок кылынганын билдирди.