Британия жана АКШ Грузиянын ички иштер министрине санкция салды
Кошмо Штаттар жана Британия Грузиянын ички иштер министри Вахтанг Гомелауриге жана министрликтин башка жогорку даражалуу өкүлдөрүнө соңку күндөрү өкмөткө каршы чыккан демонстранттарга, журналисттерге жана оппозиция өкүлдөрүнө куугунтук көрсөтүүгө катышкан болушу ыктымал деген негизде санкция салды.
Вашингтон ошондой эле Грузиянын Ички иштер министрлигине караштуу Атайын тапшырмалар боюнча департаменттин башчысы Мирза Кезевадзени да "кара тизмеге" киргизгенин Американын Каржы министрлиги 19-декабрда билдирди.
"Грузиядагы шайлоодон кийин Ички иштер министрлигинин расмий адамдары өз элине каршы катаал куугунтуктоону, анын ичинен журналисттерге атайылап кол салууну, зордук-зомбулук көрсөтүүнү башташты", - деп жазды Каржы министрлигинин өкүлү Брэдли Т. Смит.
Буга чейин Лондон Грузияга жардам көрсөтө турган баардык программаларын токтотуп, коргонуу багытында кызматташууну жана грузин өкмөтү менен байланыштарды чектегенин жарыялаган.
Ал эми АКШ Грузия менен стратегиялык өнөктөштүгүн токтотуп, "Грузин кыялы" партиясынын жүздөй өкүлүнө жана тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине санкция салган. Анда Вашингтон мындай кадамга Грузияда "чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына жана ага каршы башталган демонстрациялар күч менен таркатылганына байланыштуу барган.
Грузияда жапырт нааразылык акциялары ноябрдын соңунда башталган. Анын тутанышына өкмөт башчы Ираклий Кобахидзенин Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтоткону тууралуу билдирүүсү түрткү болду. Ошондон бери демонстрациялар баш калаа Тблисиде жана башка шаарларда уланууда. Жалпы нааразылык акцияларында 400дөй киши кармалып, алардын 30дайына кылмыш иши козголду.