ru24.pro
World News
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

"Манас" эл аралык аэропорту ишканасы "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому болуп өзгөрдү

0
"Манас" эл аралык аэропорту" ишканасынын аталышы "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому болуп өзгөрдү. Бул тууралуу ишкананын директору Манас Самидинов 19-декабрда билдирди. Мындай өзгөртүү өлкөнүн бардык аэрпортторун бир бренддин алдына бириктирүү, өнүктүрүү боюнча мекеменин стратегиялык багытын чагылдырарын белгилеген.


"Биз аэропорттордун интеграцияланган тармагын түзүп жатабыз, анда ар бир объект коопсуздуктун, тейлөөнүн жана инфраструктуранын бирдей жогорку стандарттарында иштейт. Аймактарды өнүктүрүү. Азыр авиациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө басым жасоо борбор шаарды эле эмес, Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарын – Нарындан Баткенге чейин камтыйт", - деди Самидинов.


Бул аталыш ачык акционердик коомго гана тиешелүү болот жана Бишкектеги өлкөнүн башкы аба майданы "Манас" аэропорту деп аталып кала берет.


“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо –“Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ.


Кыргызстандык авиакомпаниялар “эл аралык нормаларга дал келбейт” деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин “кара тизмесине” киргизилген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен, маселе оң жагына чечиле элек.


Мурдараак Кыргызстандын авиакомпанияларын Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча Жарандык авиация агенттигинин жетекчилиги биримдиктин департаменти менен жолугушууларды өткөрүп жатканы кабарланган.