Исмаилов Наркология борборунда 68 өспүрүм каттоодо экенин айтты
Республикалык психиатрия жана наркология борборунда күчтүү таасир берген дары-дармектерди колдонгону үчүн медициналык жардам алууга 854 адам каттоодо турат.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов Жогорку Кеңештин 19-декабрдагы жыйынында баңгизатты жарнама кылгандарга жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтты.
“854 адамдын ичинен 68и 14 жашка чейинки өспүрүмдөр. Республикалык психиатрия жана наркология борборуна кайрылгандар көбөйүп баратат”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык, баңгизатты жарнама кылгандарга айып пул салуу жазасы күчөтүлүп абакка кесилет. Жалгыз же уюшкан топ болгонуна жараша эки жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат.
Дарыканада баңги жасалуучу дарылар дарыгердин сунушу менен сатылышы керек. Дарыгердин сунушу жок саткан дарыканага 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салынат.
Расмий органдар соңку үч жыл ичинде манзатка байланыштуу 3,5 миңге чукул кылмыш катталып, 17 тоннадан ашык баңгизат алынганын билдирген. Бул кылмыштар боюнча 500дөн ашык адамга айып коюлуп, маңзат даярдоого ылайыкташкан 30га чукул лаборатория аныкталган.
Өлкөдө маңзат даярдоо, сатуу, жеткирүү оор кылмыштардын катарына кирет, ал үчүн беш жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасы каралган. (BTo)