Израил Йемендин баш калаасына сокку урду
Бейшемби күнү эртең менен Израил Йемендин козголоңчулар ээлеп алган баш калаасына сокку урду. Бул тууралуу израилдик расмий адамдарга шилтеме жасап, AP агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, анын алдында Йемендеги хуси козголоңчулары Израилдин борбордук бөлүгүнө ракета атышкан.
Израилдин армиясы билдиргендей, 19-декабрдагы операцияга 14 согуштук учак катышты. Адегенде Ходейда, Салиф порттору жана Рас Иса мунай терминалы бутага алынды. Андан кийин хусилердин башкалаа Санадагы энергетикалык инфраструктурасы аткыланды. Келтирилген чыгым тууралуу айтылган жок.
Козголоңчулардын ал-Масирах телеканалы борбор шаарда электр станциясы өрттөнгөнүн, Салиф портунда бери дегенде жети, Рас Исада эки киши каза тапканын, Ходейдада бир нечеси жараланганын кабарлады.
Анын алдында Израилдин аскерлери Йемен тараптан учурулган ракета атып түшүрүлгөнүн билдиришкен. "Рейтер" агенттиги сыныктардын бири Израилдеги мектептин имаратына тийгенин жазды.
Бирок армиянын өкүлү Йемендеги тийиштүү жайларга коюлган чабуул ошол ракетага жооп эмес, хусилердин бир нече айдан бери уланып келаткан агрессиясын токтотуу боюнча алдын ала пландалган чара деп билдирди.
Газадагы согуш башталгандан бери Иран колдогон хусилер Йемендин жээгин бойлой бараткан кемелерди бутага алып келатат. Кызыл деңиз жана ал жердеги Баб-эл-Мандеб кысыгы аркылуу дүйнөдөгү соода кеме кыймылынын 12% өтөт, жүктүн 30% ташылат.
Хусилер Израилге байланышы бар кемелерди гана аткылап, Газадагы операция үчүн өч алганын айтканы менен, башка кемелер да кол салууга туш болууда.
Быйыл 17-январда Кошмо Штаттар хусилерди “Глобалдык террордук топтордун” тизмесине киргизген.