ru24.pro
World News
Декабрь
2024

Башар Асад Орусияга качкандан кийин алгачкы билдирүү менен чыкты

0
Сирияда президенттик тактан кулатылган жана Орусиядан башкалка алган Башар Асаддын билдирүүсү 16-декабрда тарады. Ал Сириядан 8-декабрдын кечинде "Орусиянын базасы козголоңчу күчтөрдүн ыктымал чабуулуна кабылгандан кийин, Москвадагы расмий адамдардын сунушу менен чыгып кеткенин" билдирди.


Анын качкандан кийинки алгачкы билдирүүсү Телеграмдагы баракчасында англис жана араб тилдеринде пайда болду.


Анда Асад Орусиянын Хмеймимдеги авиабазасынан учуп кеткенин, өлкөдөн чыгып кетүү тууралуу чечим "пландалбаганын жана соңку сааттарда чукул кабыл алынганын" айткан.  


Ошондой эле буга чейин "кызматтан кетүүнү же башка жактан башпаанек издөөнү ойлонбогонун" кошумчалаган.




Сирияны 25 жыл башкарган Башар Асад "Хайят Тахрир аш-Шам" радикал уюму (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) башында турган козголоңчу күчтөрдүн чагылгандай тездик менен ишке ашырган чабуулунан кийин качууга аргасыз болгон. Рейтер агенттиги жазгандай, Асаддын өлкөдөн чыгып кетиши анын жакындары жана жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрү үчүн да күтүүсүз болду.


Ал Москвадан башпаанек тапканы 9-декабрда белгилүү болгон.


Орусия 14 жылга созулган Сириядагы жарандык согушта Асадды коргоп турган. Бул өлкөдө Орусиянын аскердик базалары жайгашкан. Өткөн аптада орус бийлиги өлкөдөгү базаларын чыгарып жатканы кабарланган.


Президент Владимир Путин азырынча Асаддын бийлигинин кулатылышы тууралуу комментарий бере элек.