ru24.pro
World News
Декабрь
2024

Баңгизатты жарнамалагандарга жазаны катаалдаштыруу сунушталды

0
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде 17-декабрда “Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү” боюнча айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор биринчи окуудан өттү. 


Анын демилгесиси депутат Медербек Алиев баңгизатты жарнамалагандарга жазаны күчөтүү жана башка чаралар каралганын билдирди.


“Жарнама жана баңгиликке чакырууга болгону айып пул каралган. Биз айып пул эмес, соттоп, түрмөгө отургузууну сунуштап жатабыз. Жалгыз же уюшкан топ болгонуна жараша эки жылдан он жылга чейин абакка кесүү. Экинчиси, дары баңгилиги. Дарыканада баңги жасалуучу дарылар дарыгердин сунушу менен сатылышы керек. Күчтүү дарыларды балдарга сатып жатышат. Ошол дарыгердин сунушу жок саткан дарыканага 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул каралат”, - деди Алиев.


Соңку жылдары жаштар арасында айрыкча синтетикалык маңзат күчөп, ал бизнес интернет аркылуу гүлдөп жатканы айтылып келет. 




Расмий органдар соңку үч жыл ичинде манзатка байланыштуу 3,5 миңге чукул кылмыш катталып, 17 тоннадан ашык баңгизат алынганын билдирген. Бул кылмыштар боюнча 500дөн ашык адамга айып коюлуп, маңзат даярдоого ылайыкташкан 30га чукул лаборатория аныкталган. Өлкөдө маңзат даярдоо, сатуу, жеткирүү оор кылмыштардын катарына кирет, ал үчүн беш жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасы каралган. (TSh)