ru24.pro
World News
Декабрь
2024

Ташиев салыкчылардын мыйзамсыз ишинен 30 млрд сом салык түшпөй калганын айтты

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдалануу менен байланышкан кылмыш иши тууралуу кенен маалымат берди.


Ал 17-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Мамлекеттик салык кызматында буга байланыштуу мыйзамсыз иштерден бюджетке 30 млрд сомдун тегерегинде салык төлөнбөй калганын билдирди. 


“Мисалы, арак чыгарылганда ага акциздик марканы чаптап, сатууга жөнөтөт жана ага ЭТТНди жазышат. Алар (ред: салыкчылар) ЭТТНди артка кайтарып алышып аны жок кылышат да, товар болсо сатылып кете берет. Кийин чыккан товарлар да ушундай жол менен сатыла берет. Ар бир кайтарылган ЭТТН боюнча салыкчылар ал эмнеге кайтарылганы боюнча акт түзүшү керек эле. Биз бирок алардын бири да текшерилбегенин аныктадык. Жалпы айланган акча 464 млрд сом болгон. Ушунча акчаны көмүскө экономикадан алып чыгып, салыкчылар кайра өздөрү алектенишкен. Бул жерден 30 млрд сомдой салык төлөнбөй калган”, - деди ал.


Камчыбек Ташиев 7-декабрда гана Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган Кыдыкбек Кыдыровдун да бул ишке тиешеси бар экени аныкталганын, анын ордуна президент Садыр Жапаров кайра башка кишини дайындай турганын кошумчалады.


6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик салык кызматынын ошол кездеги төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалганын билдирген.


УКМК аларга байланыштуу коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө улантылып жатканын, салыкчылардын мыйзамсыз иштеринен бюджетке 3,2 млрд сом зыян келтирилгенин кошумчалаган.


6-декабрда Биринчи май райондук соту Алтынбек Абдуваповду жана Исламбек Кыдыргычовду 20-январга чейин камакка алып, экөө тең кызматтан кеткен. Алардын адвокаттары менен жакындары бул иш тууралуу комментарий бере элек. (BTo)