ru24.pro
World News
Декабрь
2024

Мамлекеттик медицина мекеме жетекчилери бир эле убакта жеке ооруканада иштебеши керекпи?

0

Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитети 16-декабрда мамлекеттик медициналык мекемелелердин жетекчилеринин жеке менчик клиникаларга жумушка орношуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам демилгечилери документ жарандарга сапатуу медициналык кызмат көрсөтүүгө багытталганын айтышты.

Мыйзам долбоорун Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Бахридин Шабазов, Винера Раимбачаева, Элдар Абакиров, Айбек Маткеримов жазган.

Сентябрь айында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда өлкө боюнча 5500 дарыгер жетишпей жатканын билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылы июль айында берген маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 13 миң 775 жогорку билимдүү дарыгер, 33 миң 510 орто билимдүү медициналык персонал (мээрмандар жана башка адистер) иштеп турган. Андан бери системадагы штаттын саны кандай өзгөргөнү тууралуу маалымат жок.

Айрым адистер өлкөдөгү дарыгерлердин көбү жеке клиникаларда дагы иштешерин айтып келишет. (TSh)