ru24.pro
World News
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Керчь кысыгында Орусиянын май ташыган эки кемеси кырсыкка кабылды

0
Орусия менен Москва аннексиялап алган Крымдын ортосундагы Керчь кысыгында орустардын май ташыган эки кемеси "Волгонефть 212" жана "Волгонефть 239" кыйроого учураганын Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Эки кемеде экипаждын 13 жана 14 мүчөсүн бардыгы, бир моряк курман болгону кабарланды. Чукул кырдаалдар кызматы төрт киши дайынсыз экенин кабарлады.


Саламаттык сактоо министринин жардамчысы Алексей Кузнецов «Волгонефть 212» кемесинин 11 морягы Анападагы ооруканага жаткырылганын, алардын экөөнүн абалы оор экенин айтты.


Орус бийлиги тараткан видеодо кеменин бири экиге бөлүнүп, тумшугу сууга тигинен туруп калганы көрүнөт. "Интерфакс" танкер 4,3 тонна мазут ташып баратканда катуу шамалдан улам кыйроого кабылганын жазды.


Чукул кызматтардын өкүлү ТАСС агенттигине катуу шамалдан «Волгонефть 212» танкеринин тумшугу талкаланганын, кырсык жээктен сегиз чакырым жерде болгонун билдирген. 


«Волгонефть 239»  катуу жабыркап, Краснодар крайындагы Таман портунан 80 метр жерде боортоктоп калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген. Кеменин бортундагы экипаждын 14 мүчөсү менен байланыш бардыгы, аларды эвакуациялоо жүрөрү кабарланды. 


Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын катаал шартында экипаждын аракети иликтенерин билдирди.


Mash Телеграм-каналы "Волгонефть-212" ташып бараткан мазут деңизге куюлуп, суунун бетинде чоң кара так пайда болгонун жазды. 


Эл аралык Greenpeace уюмунун изилдөө лабораториясынын башчысы бул кырсык Кара деңиздеги чоң техногендик катастрофа болуп калышы мүмкүн деген камтамасын журналисттерге билдирген. Ал азыркыдай шартта деңизге куюлган майды чогултуу мүмкүн эмес экенин айткан.


Интернеттеги ачык маалыматтар боюнча «Волгонефть 212» кемесинин узундугу 136 метр, туурасы — 16 метр. Кеме 1969-жылы курулган.


"Волгонефть 239" кемесинин узунду 132 метр, туурасы 17 метр, 1973-жылы курулган.