ru24.pro
World News
Декабрь
2024

Кыргызстанга тогуз айда тыштан 746 млн доллар инвестиция келди

0
Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары Дамирбек Бикулов Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып, Кыргызстанга ушул жылдын январь-сентябрь айларында тыштан 746 млн доллар инвестиция келгенин айтты.


Ал 13-декабрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынынында сүйлөп жатып бул 2023-жылдын тогуз айына салыштырганда 14% же 92 млн долларга көп экенин билдирди.


Кыргызстанга эң көп инвестицияны Кытай салган - 221 млн доллар, андан кийин Орусия 192 млн доллар, Түркия 71 млн доллар, Казакстан 48 млн доллар жана Нидерланды 33 млн доллар инвестиция салган.




Инвестициянын көбү Бишкек шаарына 333 млн доллар, Чүй облусуна 59 млн доллар тартылган.


Расмий маалыматка ылайык, былтыр өлкөгө 845 млн доллардын тегерегинде түз инвестиция келген жана 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 30% азайган. Ошол эле маалда былтыр 685,5 млн ашык доллар көлөмүндөгү тикелей инвестиция чыгарылып кеткен жана ал сумма мурдагы жылга салыштырмалуу 40% азайган.


Инвестицияларга байланыштуу атайын агенттик алгач 2017-жылы түзүлгөн. 2021-жылы министрлик болуп өзгөрүп, көп өтпөй ошол эле жылы октябрда кайра агенттик болгон. 2022-жылы мартта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ага “улуттук” деген макам берилип, президентке караштуу болуп калган. (BTo)