ru24.pro
World News
Декабрь
2024

БУУ Сирияда адам укуктарын бузган төрт миң кишинин тизмесин түздү

0
БУУнун иликтөөчүлөрү Сирияда олуттуу кылмыш жасаган, адам укуктарын бузган төрт миң кишинин тизмесин түзгөнүн, Башар Асаддын режими кулаганы ошол адамдарды жоопко тартууга жардам берет деп үмүттөнүшөрүн билдирди.


AFP менен маегинде Улуттар Уюмунун Сирия боюнча иликтөө комиссиясынын (COI) координатору Линнеа Арвидссон “төмөнкү деңгээлдеги аткаминерлерге эмес, жылдар бою мыйзам бузуп келген жогорку жетекчилерге” көңүл буруу маанилүү экенин белгиледи.

АКШ жана дагы бир нече өлкө террордук деп тааныган “Хайят Тахрир аш-Шам” уюму баштаган козголоңчулар өткөн жекшембиде Асаддын режимин кулатышкан. Өлкөдөгү жана сырт жактагы сириялыктар ондогон жылдардан берки репрессияларга, эзүүгө чекит коюлганын майрамдап жатышат.


Маалыматтарга караганда, көп сандагы диссиденттер түрмөлөргө салынган же өлтүрүлгөн. Дээрлик 14 жылга созулган жарандык согуш 500 миңдей кишинин өмүрүн кыйды, миллиондогон кишини жер которууга түрткөн.


Жаңы бийлик адилеттүүлүк орноруна, абактагыларды кыйнагандар жоопко тартыларына убада кылып келатат.


БУУнун комиссиясы Сирияда согуш тутангандан бери жасалган кылмыштарды каттап, ыктымал кылмышкердердин тизмесин түзүп жүрөт. Бирок тизме ачык жарыяланбаганы менен маалыматтарды ыктымал согуш кылмыштарын териштирген прокурорлорго берип турат.


Арвидссон комиссия зомбулуктун курмандыгы болгон, абактарда кармалып чыккан 11 миңден көп кишинин “көрсөтмөлөрү” чогултулганын кошумчалады.