ru24.pro
World News
Декабрь
2024

Гимнди өзгөртүү боюнча ведомстволор аралык комиссияга 8 депутат кирди

0
Жогорку Кеңеште 11-декабрда мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча ведомстволор аралык комиссияга сегиз депутат - Жанар Акаев, Аккулу Бердиев, Бакытбек Марипов, Винера Раимбачаева, Кубаныбек Самаков, Саидбек Зулпуев, Айбек Маткеримов жана Советбек Рустамбек уулу кирди.


Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевдин сөзүнө караганда, Министрлер кабинетинде түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия жаңы гимндин үч вариантын тандап, парламентке сунуштайт. Жогорку Кеңеш үч долбоордун ичинен бирин тандап мыйзам менен бекитет.


Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин парламент төрагасы Нурланбек Шакиев көтөрүп чыккан. Спикер азыркы гимндин кайырмасы Кыргыз ССРинин гимнине окшош жана анын сөзүнүн үчүнчү жак менен жазылып калганы боюнча коомчулукта пикирлер айтылып жатканын билдирген.


Президент Садыр Жапаров 30-октябрда “Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде гимнди алмаштырууну колдой турганын айткан.


Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган. Аны өзгөртүү боюнча коомдо пикир бир кылка эмес. (BTo)