ru24.pro
World News
Декабрь
2024

Коомдук ишмер Асанбек Шаршеналиев дүйнөдөн кайтты

0
Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин доктору, мурдагы баш прокурор Асанбек Шаршеналиев 85 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгүн жерге берүү зыйнаты 13-декабрда болот. Бул тууралуу жакындары "Азаттыкка" билдиришти.



Асанбек Шаршеналиев Кыргызстанда Конституциялык соттун төрагасы, баш прокурор, Юридика институтунун ректору кызматтарын аркалаган.


Эгемен Кыргызстандын тарыхында баш прокурорлук кызматта эң узак - 1993-2000-жылдары иштеген.



Асанбек Шаршеналиев 1940-жылы Жумгал районунун Кызыл-Туу айылында туулган.(ZKo)