“Бийликти күч менен басып алуу” иши боюнча дагы бир мурдагы прокурор кармалды
Башкы прокуратуранын ички коопсуздук жана ички иликтөө башкармалыгынын мурдагы улук прокурору (У.А.) кармалганы белгилүү болду. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 30-ноябрда судья анын бөгөт чарасын карап, 2025-жылдын 9-январына чейин камакка алган.
Аны камакка алуу өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген.
Мурдагы прокурорго Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Массалык башаламандыктар”, “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып коюлган.
Ички иштер министрлиги ноябрь айында башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулун жана дагы алты адамды бир нече оор беренелер менен айып коюп кармаган. Мекеме алар “өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды бузуп, кийин бийликти күч менен басып алууга камданганын” билдирген. Баары тең Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына 10-январга чейин камакка алынган.
Башкы прокуратуранын ички коопсуздук жана ички иликтөө башкармалыгынын мурдагы улук прокурору (У.А.) ушул иш боюнча кармалганы кабарланды. Алардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.
Кубан Адыл уулу быйыл апрелде президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен башкы прокурордун орун басары кызматынан алынган. (BTo)