ru24.pro
World News
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Кожо Жоэл Кыргызстандын мыкты футболчусу аталды

0
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Кожо Жоэл "Жылдын мыкты футболчусу" аталды. Мындай наам 10-декабрда Бишкекте өткөн KFU Awards-2024 деп аталган иш-чарада ыйгарылды. Бул наам үчүн улуттук кураманын оюнчулары Кайрат Жыргалбек уулу менен Одилжон Абдурахманов да ат салышкан. Кожо Жоэл Улуттук кураманын катарында быйыл январь айында Катарда өткөн Азия Кубогуна катышып, Оман курамасынын дарбазасына бир гол киргизди. Бул гол футболчуну Азия чөлкөмүндө атактуу кылды.


Ал эми "Жылдын мыкты футболчу айымы" наамы футбол боюнча кыз-келиндердин улуттук курама командасынын капитаны Айжан Боронбековага ыйгарылды. Ал быйыл литвалык "Жальгирис" клубу менен Литванын кыз-келиндер футбол чемпионатынын күмүш байгесин уткан. Бул наам үчүн Аяна Каратаева жана Акылай Садыкова ат салышты. Айжан Боронбекова бул наамды экинчи ирет утуп алды. Ал 2018-жылы "мыкты футболчу айымы" наамын алган.




Кыргызстандын футбол бирлиги 12 номинация боюнча жыл мыктыларын аныктады. “Жылдын мыкты футбол калысы” наамы Парижде өткөн Олимпиада оюндарында футболдук беттештерде калыстык кылган Вероника Бернацкая ыйгарылды. Ал бул наамды алган экинчи калыс кыз болду. Футзал боюнча мыкты калыс - Талантбек Раимбердиев.


Жылдагыдан айырмалынып, быйыл кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучу номинациясы киргизилип, бул наам Гүлбара Уматалиевага ыйгарылды.


“Жылдын мыкты машыктыруучусу” болуп, "Абдыш-Ата" футбол клубунун башкы машыктыруучусу Ислом Ахмедов табылды. Футзал боюнча “Мыкты машыктыруучу” наамы" быйыл Мирланбек Абдыкадыровго ыйгарылды. “Мыкты футзал оюнчусу” "Алай" футзал клубунун оюнчусу Кайрат Кубанычов, "Жылдын жаш оюнчусу" Эрмек Кенжебаев аталды.




"Жылдын мыкты клубу" наамы "Абдыш-Ата" командасына ыйгарылды. Аталган клуб үч жыл катары менен Кыргызстандын чемпиондугун утту.


Футболдун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Жалал-Абад облусунун футбол федерациясына “Жылдын мыкты федерациясы” наамы берилди. Мыкты спорттук уюм номинациясын – «Барселона» футбол академиясы утуп алды.


Football Awards сыйлыгы Кыргызстандын Футбол бирлиги тарабынан 2015-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул аралыкта Валерий Кичин, Гүлжигит Алыкулов, Алимардон Шукуров, Кайрат Жыргалбек уулу баштаган бир нече футболчулар "мыкты футболчу" наамын алышкан. (GT)