ru24.pro
World News
Декабрь
2024

Аба ырайы: күн суук болот

0
11-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.



Абанын температурасы:



Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;



Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1;



Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;



Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;



Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10. 



Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15°, күндүз -1…-3° суук болот.