ru24.pro
World News
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

ӨКМ: Кара-Кулжа-Сары-Булак жолунда дагы жер көчкү жүрүшү мүмкүн

0
Президенттин Ош облусундагы атайын өкүлүгү Элчибек Жантаев Кара-Кулжа-Сары-Булак жолунда жүргөн жер көчкүгө байланыштуу жеринде тиешелүү министрлик-мекемелер менен жыйын өткөрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ)билдиришинче, адистердин сунушу менен кырсык дагы кайталанышы мүмкүн болгондуктан 7-декабрда түшкөн көчкүнү тазалоо иштери токтотулду.



"Жолго дагы болжол менен 360 000 м3 жер кыртышы түшүшү мүмкүн болуп турат. Мындан улам аталган жолду убактылуу жабуу, нөөмөттөрдү уюштуруу жана №26 Жол тейлөө ишканасына тезинен жолду калыбына келтирүү боюнча долбоор иштеп чыгууга байланыштуу тапшырмалар коюлду. Жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы пост уюштурду", - деп жазылган маалыматта.



Кара-Кулжа районунда Сары-Булак айыл аймагына кетчү жолдо 7-декабрда кечке саат 5тер чамасында жер көчкү жүргөн. Кырсыкта жабыркагандар болгон эмес. Учурда машиналар Шаркыратма айылы аркылуу өтчү айланма жол менен каттап жатат.


ӨКМ 2022-жылы бул тилкеде жер көчкү жүрүү кооптуулугу жогору деген корутунду чыгарган.


Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жер көчкү коркунучу жогору 4,5 миңден ашык аймак бар. Учурда төрт миңге чукул үй-бүлө мындай жерден көчпөй жашап келет. Алардын теңинен көбү Ош облусуна туура келет, калгандары Жалал-Абад жана Баткен облусунда турат. Өлкөдө адам өлүмү менен коштолгон жер көчкү кырсыктары катталган.