ru24.pro
World News
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Кара-Кулжа-Сары-Булак жолунда жер көчкү жүрдү

0
Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда Сары-Булак айыл аймагына кетчү жолдо 7-декабрда кечке саат 5тер чамасында жер көчкү жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, жабыр тарткандар жок, жол эки тараптуу жабылды.


"Кара-Кулжа — Сары-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымында (Көк-Жар тилкеси) жалпы көлөмү болжол менен 12000м³ жер көчкү түштү. Машиналар Шаркыратма айылы аркылуу өтчү айланма жол менен каттап жатат. Эртең, 8-декабрда ыкчам топ, техника тартылып жол тазаланат", - деп жазылган маалыматта.


Аталган министрлик 2022-жылы бул тилкеде жер көчкү жүрүү кооптуулугу жогору деген корутунду чыгарган.


Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жер көчкү коркунучу жогору 4,5 миңден ашык аймак бар. Учурда төрт миңге чукул үй-бүлө мындай жерден көчпөй жашап келет. Алардын теңинен көбү Ош облусуна туура келет, калгандары Жалал-Абад жана Баткен облусунда турат. Өлкөдө адам өлүмү менен коштолгон жер көчкү кырсыктары катталган.