ru24.pro
World News
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Reuters: Башар Асад Дамаск шаарынан чыгып кетти

0
Reuters маалымат агенттиги Сириядагы жогорку кызматтагы эки офицерге шилтеме кылып өлкөнүн президенти Башар Асад Дамаскиден чыгып кеткенин билдирди.


Британияда жайгашкан Адам укугунун корголушуна мониторинг жүргүзгөн сириялык борбор (SOHR) шаардын аба майданынан учкан жеке учакта Асад болушу мүмкүндүгүн билдирди. Ал учак учуп кеткенден кийин аэропорттогу өкмөттүк аскерлер эвакуация болгонун кабарлады.


Мунун алдында өкмөттүк армияга каршы чыккан козголоңчулар Хомско жакындаганы тууралуу маалыматтар чыккан. Бул шаар өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан жана ал козголоңчуларга өтсө, Дамаскиге барууга жол ачылат.


Борбор шаардын деңиз жээгиндеги аймактар, анын ичинде орусиялык аскердик базалар жайгашкан Латакия жана Тартус менен байланышы үзүлөт.


"Хайят Тахрир аш-Шам" исламчыл тобу жетектеген козголоңчулар соңку бир нече күн ичинде ири Алеппо шаарын жана ондон ашык айыл-кыштакты өз карамагына алууга жетишти. Алар ошондой эле орус армиясы көзөмөлдөгөн Хмеймим авиабазасына 35 чакырымга жакындады. Сирия авибазаны Орусиянын карамагына 2015-жылы өткөрүп берген. Анда Москванын жардамы менен Дамаск төрт жылдык жарандык согушта жеңишке жеткен.


“Хайят Тахрир аш-Шамдан” тышкары козголоңчулардын катарында Түркия колдогон кошуундар да бар. Алар өзүлөрүн Сириянын улуттук армиясы деп аташат.


Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, соңку күндөрдөгү согуштук аракеттерден улам он миңдеген карапайым тургундар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.