ИИМ чет элдик номурдагы унааларды текшерүүнү убактылуу токтотту
Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы чет өлкөлүк номурлуу унааларга карата рейддик текшерүүлөр убактылуу токтотулганын билдирди. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин басма сөз кызматы 7-декабрда билдирди.
Айрым активисттер чет өлкөлүк номурлуу унааларга уруксат берүү маселеси чечилгенин бийликтеги булактарына таянып жазып жатышат. Бул тууралуу расмий билдирүү боло элек.
Соңку күндөрү Ички иштер министрлиги өлкөдөгү чет өлкөлүк номурлуу унааларды текшерүү жүрүп жатканын, буга байланыштуу жер-жерлерде рейддер өтүп жатканын маалымдаган. Буга байланыштуу Абхазия, Орусия жана Армениянын номуру илинген унаалардын айдоочулары нааразылыгын билдирип, 7-декабрда Бишкекте акция өткөрмөй болушкан.
Август айында Бажы кызматы менен Ички иштер министрлиги өткөргөн рейдде 50 унаа кармалып, анын 28и жасалма номур жана техникалык паспорт менен жүргөнү аныкталган.
Ички иштер министрлиги мындай унаалардын көбү алар алынып келинген делген өлкөлөрдө каттоодо жок болуп чыгып жатканын, унаалар тетик катары Кыргызстанга алынып келинип, жасалма техникалык паспорт берилген учурлар бар экенин билдирген.
Кыргызстанда оң рулдуу машинелерге уруксат берүү боюнча талкуулар утур-утур көтөрүлүп турат.