Грузияда оппозиция лидерлеринин бири Ника Гварамия кармалды
Грузияда полиция кызматкерлери оппозициячыл партиялардын кеңселеринде тинтүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" грузин кызматы жана Tbilisi life телеграм-каналы жазды.
Маалыматка караганда, полициячылар "Ахали", "Дроа", "Гирчи – Көбүрөөк эркиндик" партияларынын кеңселерин жана "Биримдик - Улуттук кыймыл" оппозициячыл жаштар уюмунун офисин тинтишти. "Өзгөрүүлөр үчүн коалиция" кыймылынын лидери Ника Гварамия кармалды.
Аталган кыймылдын дагы бир лидери Ника Мелия бул "оппозицияны коркутуп-үркүтүү аракети" деп "Интерфакска" айтты. Анын эсебинде, бийликтин мындай аракеттери тескерисинче Грузиядагы толкундоолордун күчөшүнө алып келет.
Грузияда нааразылык акциялары 28-ноябрдан бери уланып жатат. Буга өкмөт башчы Ираклий Кобахидзенин Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөр 2028-жылга чейин токтогону тууралуу билдирүүсү түрткү болду. Миңдеген демонстранттар Евробиримдикке кошулууну жактап, өкмөткө каршы нааразылыкка чыгууда. Алты күндүн ичинде 300дөй адам кармалды.
Кобахидзе акцияларды уюштурууга оппозиция менен бейөкмөт уюмдарды айыптады.
Еврошаркетке кошулууга умтулуп жаткан Грузия былтыр "талапкер" макамын алган. Бирок бийликтеги партия сүрөгөн Орусиянын үлгүсүндөгү “чет өлкөлүк таасир” тууралуу жана ЛГБТ жамаатын бутага алган мыйзамдар бул багыттагы аракеттерге залакасын тийгизди.
Июлда АКШ Грузия демократия жолунан тайганын белгилеп, Тбилисиге бериле турган 95 миллион доллар жардам убактылуу токтой турганын жарыялаган.