ru24.pro
World News
Декабрь
2024

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасы толук такталып бүткөнүн жарыялады

0
Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктады.


Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинети 4-декабрда билдирди. Өкмөттүн сайтына жарыяланган маалыматка караганда, эки өлкөнүн атайын кызматтарынын төрагалары - кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациялардын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун 4-декабрда Баткендеги жолугушуусунда тактоо иштери аяктаганы айтылган.


Жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген.


Маалыматта кайсы тилкелер кандай чечилгени боюнча жазылган эмес.  


Жолугушуудан кийин эки өлкөнүн УКМК башчылары төмөнкүдөй маалымат беришти:


“Эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо иштери биздин өлкө лидерлеринин саясий эркинин арты менен дээрлик чечилди. Жумушчу топторго бул ишти аягына чыгаруу тапшырмасы берилди. Андан ары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо боюнча мамлекеттер ортосундагы келишимге өтөбүз”, - деди тажик атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимов.


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын тарыхый учур деп баалады:


“Мен чек ара боюнча макулдашуу аягына чыгып, тарыхый учур болуп жатканын жоопкерчилик менен айта алам. Ятимов айткандай, алдыда юридикалык жараяндар, келишимди парламент аркылуу ратификациялоо жана эки мамлекет башчыларынын кол коюу иштери турат. Мен жакынкы бир нече ай ичинде чек ара маселесине толугу менен чекит коёбуз деп ойлойм. Өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөлөрүнө жана Саймумин Сатаровичке (Ятимов – ред.) ыраазычылык билдирем. Сиз чоң жумушту аркаладыңыз, сиз менен чогуу бул ишти аягына чыгарганыбызга рахмат айтам”, - деди ал.




Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо иши жыйынтыктоочу баскычка келгенин өкмөттүн 19-августтагы кеңешмесинде билдирген. Мунун алдында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында эки өлкөнүн жарандары өткөн эки-үч транзиттик тилке боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын 5-августтагы маалымат жыйында айткан. Министр кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки-үч айда жыйынтык болорун белгилеген.



Эки өлкө чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолукканда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын жарыялашкан.



Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (TAb)