ru24.pro
World News
Декабрь
2024

Бала бакчадагы окуяны тасмага тарткан кызматкер иштен кетүүгө мажбурлап жатышканын билдирүүдө

0
2-декабрда социалдык тармактарда Сузак районундагы "Кенжетай-1" бала бакчасында балдарды белгисиз аял уруп жаткан тасманы тарткан тарбиячынын жардамчысы Курманжан Эркебай кызы райондук билим берүү мекемеси арыз жаздырып, иштен кетүүгө мажбурлап жатканын "Азаттыкка" билдирди.



"Тасманы мен тарткам. Тарбиячы балдарды ура бергендиктен, чыдабай видеого тартканга аргасыз болдум. Иштен кетүүгө арызды райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин айтуусу менен жазып, кайра жыртып салгам. Жумуштан кетүүнү же кетпөөнү иш бир жаңсыл болгондон кийин чечем", - деди ал.



"Кенжетай-1" бала бакчасындагы окуядан кийин бала бакчанын үч кызматкери жумуштан кеткенин "Азаттыкка" Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мендирман Эламанов да ырастап, иштен кеткен кызматкерлер арасында окуяны тасмага тарткан тарбиячынын жардамчысы да бар экенин билдирди.



"Биз окуя болгондон кийин атайын комиссия түзүп жеринен текшерип жатабыз. Учурда "Кенжетай-1" бала бакчасынын жетекчиси жана видеодогу баланы уруп жаткан тарбиячы, жардамчысы өз арыздарын жазды. Алар өз каалоосу менен жумуштан бошотулат. Азырынча окуяны органдар текшерип жатат", - деди Эламанов.



Бул окуя боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы, Сузак райондук ички иштер бөлүмү (РИИБ) тарабынан териштирүү жүргүзүлүп жатканы кабарланган.



Билим берүү жана илим министрлиги райондук билим берүү бөлүмү тарабынан балага кол көтөрүлгөн окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирген.



2-декабрда социалдык тармактарда Сузак районундагы "Кенжетай-1" бала бакчасында балдарды белгисиз аял уруп жатканы тартылган тасма тараган. Андан бакчанын кенже тобундагы балдар тамак ичип жатканда тамак жебей ыйлап жаткан балага арткы фондо отурган аял кол көтөрүп, жаакка чапканын көрүүгө болот. Дагы бир тасмада ошол эле аял башка дагы бир баланы далыга чапкылап жатканы тартылган. Тасманы интернетке тарткан адам балдардын жеп жаткан тамак-ашынын сүрөттөрүн да жарыялаган. Анда балдарга берилген тамак-аштын сапатынын начарлыгы, бала бакчанын санитардык абалга жооп бербей турганы тартылган.




Тасма интернетке тарагандан кийин коомчулукта кызуу талкуу жаратып, балдарга кол көтөргөн тарбиячынын жана бала бакча жетекчилигинин жоопкерчилигине байланыштуу маселе көтөрүлгөн. (ZKo/TB)