Опумбаев Кой-Таш операциясы боюнча Жээнбековдун кабары болгонун айтты
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап келүү операциясы тууралуу ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун кабары болгонун билдирди. Бул тууралуу ал 2-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча күбө катары көрсөтмө берип жатып айтты.
Анын сөзүнө караганда, Ички иштер министрлиги (ИИМ) Алмазбек Атамбаевди тергөөгө алып келүү боюнча УКМКга кайрылып, Кой-Таш операциясы ошонун негизинде жүргүзүлгөн. Ал сотто Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын бири Равшан Жээнбековдун суроосуна жооп берип жатып, Алмазбек Атамбаевди тергөөгө алып келүү боюнча орун басары Талантбек Салиев жана “Альфанын” жетекчиси болуп бир нече вариант иштелип чыкканын, анын бирөө Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу макулдашылганын айтты. Мындан тышкары курал колдонуу тууралуу эч кандай план болбогонун билдирди.
Бул тууралуу экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын тарапташтары азырынча комментарий бере элек.
Орозбек Опумбаев 2020-жылы бийлик алмашууга алып келген Октябрь окуясынан бери коомчулукка биринчи жолу чыкты.
Кыргызстанда 2020-жыл, 4-октябрдагы Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 5-октябрда Бишкекте ири нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Ал күнкү митингдер түнү менен уланып, 6-октябрга караган түнү нааразылык билдирип чыккандар Жогорку Кеңеш жана президенттик аппарат жайгашкан Ак үйгө кирип барышкан. Ала-Тоо аянтындагы түнкү башаламандыктар учурунда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргычтан улам жаракат алып каза болгон.
Ошол учурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт, анын ичинде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да 6-октябрда кызматтан кеткен. 9-октябрда ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Орозбек Опумбаевди УКМКнын төрагалык кызматынан бошоткон.
Бийлик алмашууга алып келген Октябрь окуяларынан бери ИИМдин жана УКМКнын мурдагы жетекчилери Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевдин кайда экени белгисиз болуп жаткан.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев былтыр 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.
Бишкектин Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган. Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин билдирген.
Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери уланууда. Ишти Биринчи май райондук соту карап жатат. (BTo/AiB)