ru24.pro
World News
Декабрь
2024

Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттер желимди азайтуу боюнча мунаса таба алышкан жок

0
Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттер мунай чыгарган өлкөлөрдүн турумунан улам желимди (пластик) азайтуу боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды.


Сүйлөшүүлөр бир жума бою Түштүк Кореянын Пусан шаарында өттү. Саммит эки жылдык талкуунун жыйынтыгы болуп калды. Желимди чектөө боюнча Панаманын сунушун жүздөн көп мамлекет колдоду. Анткен менен көп көлөмдө мунай өндүргөн мамлекеттер макулдашууну колдоодон баш тартышты.


Politico басылмасынын үч булагы ырастагандай, каршы чыккандардын бири Сауд Арабиясы болду. Андан тышкары Иран менен Орусия дагы бар.


Жыл сайын адамзат 400 миллион тоннадай желим таштанды чыгарат. Ар кандай эсептер боюнча, алардын 9-14 миллион тоннасы океанга түшөт. 2023-жылы окумуштуулар куштарда пластикоз деген ооруну аныкташкан. Бул пластик жутуп алгандан ашказанда козголгон илдет.


Окумуштуулардын эсебинде, жумасына Жер шарындагы бир адам банк картасындай болгон желимди “жейт”. Соңку жылдары микропластик адамдын канында, эне сүтүндө аныкталган.


Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө тыюу салынат.