ru24.pro
World News
Ноябрь
2024

Самат Матцаков кармалышын адвокаттык иши менен байланыштырды

0
29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга эркиндигинен ажыратылган Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаковду кармап кетти. Мунун алдында анын Бишкектеги үйүндө тинтүү болду.


Самат Матцаков журналисттердин суроолоруна жооп берип, ага Кылмыш-жаза кодексинни “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, бирок тергөөчүлөр үйүнөн Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу төрт дискти алып кеткенин айтып, мунун баарын кесиптик ишмердиги менен байланыштырды.


“Бул менин адвокаттык ишмердигиме байланыштуу. “Алдамчылык” менен кылмыш ишин козгоп, бирок Имамидин Ташовдун иши боюнча диктофон жана дисктерди алышты. Мен мындай болорун билгем. Анткени өткөн жумада эле мага чет жакка чыгууга чектөө коюлганы белгилүү болгон. Анда да мени суракка чакырышкан. Коюлуп жаткан айып боюнча менде келишимдер бар”, - деди ал.


Самат Матцаковду кармап кеткен укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш жана тинтүү тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. УКМК бул тууралуу расмий комментарий бере элек.




Самат Матцаков Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда алты жылга абакка кескен Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, беш жыл эркиндигинен ажыратылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун жактоочусу. Үч жылдык пробациялык жаза чегерилген журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекееванын да укугун коргойт.


KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат. Ал кыйноого кабылганы тууралуу абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган.


Атайын кызмат Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.


Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов Аскат Жетигендин иши боюнча 1-июлда чечим чыгарган. Судья аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен “күнөөлүү” деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган. (BTo/TSh)