Тбилиси Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүнү төрт жылга жылдырды
Грузия Евробиримдиктин мүчөлүгүнө кирүү боюнча сүйлөшүүлөргө 2028-жылдын аягына чейин барбай турганын бейшембиде өлкөнүн премьер-министри Ираклий Кобахидзе билдирди. Грузин өкмөтү бул убакытка чейин биримдиктен бюджеттик гранттарды алуудан да баш тартмакчы. Бул тууралуу "Кавказ жаңырыгы" маалымдап, Кобахидзенин Евробиримдикке интеграция "садака" катары каралышы Грузия үчүн "кабыл алынгыс" экенин айткан сөзүн келтирди.
Кобахидзенин бул билдирүүсүнөн соң, Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили дипломаттык корпустун мүчөлөрү менен шашылыш кеңешме өткөрдү. Ал бүгүнкү күн "Европадан Орусияны көздөй бурулган конституциялык төңкөрүштүн аягын баса белгилегенин" билдирип, евроинтеграцияны жактоочуларга "өкмөт элине каршы согуш жарыялады. Бүгүн бул чакырыкка каршы баарыбыз чогулабыз же баарыбыз жок болобуз", - деп кайрылды.
Өкмөттүн билдирүүсүнө нааразы болгон миңдеген адам Тбилисиде парламенттин алдына чогулуп, Евроинтеграциядан баш тартуу чечимине каршылыгын билдиришти. Полиция митингчилерди күч колдонуп, кууп таратканы кабарланды.
"Азаттыктын" грузин кызматы полиция чогулгандарга каршы калемпир аралашмасын чачкыч колдонгонун, ал саясатчы Леван Гогичаишвилинин жана "Пирвели" телеканалынын операторунун көзүнө киргенин жазды. Полиция чогулгандарга көздөн жаш агызуучу шашка ыргытып, жыйынтыгында демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду.
Ички иштер министрлиги бир кызматкери жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин кабарлады.
Нааразылык акциясына президент Саломе Зурабишвили да катышканын, ал полиция кызматкерлерине "Силер Грузияга кызмат кыласыңарбы де Орусиягабы? Кимге ант бердиңер эле? Жооп бергилечи мага. Президентке жооп бербейсиңерби? Силер өлкөнүн, балдардын келечеги жөнүндө ойлоносуңарбы?" деп кайрылганын Kartuli басылмасы жазды.
Айрым маалыматтарга караганда, Тбилисидеги митингге 10-20 миңдей адам катышкан. Нааразылык акциялары дагы эки ири шаарда өтүп, демонстранттар өкмөттөн Евробиримдикке кирүү сүйлөшүүлөрүн жандантуусун талап кылышты.
Европарламент бейшембиде Грузиядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбасын билдирген резолюция кабыл алган. Анда акыркы өткөн шайлоолор демократиялык шайлоолордун эл аралык стандарттарына жана Тбилисинин ачык-айкын, эркин шайлоо өткөрүү тууралуу эл аралык милдеттенмелерине дал келбеси белгиленген. Еврокеңеш октябрь айында Грузиянын Евробиримдикке кошулуу жараяны өлкөнү башкарып жаткан "Грузин кыялы" партиясынын саясатынан улам дээрлик токтотулганын жарыялаган. Анын ичинде Тбилиси "чет өлкөлүк агент" мыйзамынын кабыл алынышы жана ЛГБТны жарыялоого тыюу салуу аракети катуу сынга алынган.
Европарламент бейшембиде Грузиядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбасын билдирген резолюция кабыл алган. Анда акыркы өткөн шайлоолор демократиялык шайлоолордун эл аралык стандарттарына жана Тбилисинин ачык-айкын, эркин шайлоо өткөрүү тууралуу эл аралык милдеттенмелерине дал келбеси белгиленген.
Еврокеңеш октябрь айында Грузиянын Евробиримдикке кошулуу жараяны өлкөнү башкарып жаткан "Грузин кыялы" партиясынын саясатынан улам дээрлик токтотулганын жарыялаган. Анын ичинде Тбилиси "чет өлкөлүк агент" мыйзамынын кабыл алынышы жана ЛГБТны жарыялоого тыюу салуу аракети катуу сынга алынган.