ru24.pro
World News
Ноябрь
2024

Кыргызстанда орус рублинин сомго карата курсу түшүп кетти

0
Кыргызстанда орус валютасы - рублдын сомго карата курсу түшүп кетти. Улуттук банктын сайтындагы маалыматка ылайык, 28-ноябрда рублдын курсу 81 тыйын деп турат.


Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир рубль 78 тыйындан сатып алынып, 83 тыйындын тегерегинде сатылууда.


Ал эми Орусиянын өзүндө ушул күндөрү 1 доллар 113 сомго чейин көтөрүлүп кетти.


Расмий маалыматка караганда, Орусияда 411 миңден ашуун кыргызстандык мигрант бар. Алар рублдын куну түшсө тапкан каражаты Кыргызстанга салганда аз болуп жатканын айтышууда. (BTo)