ru24.pro
World News
Ноябрь
2024

Социалдык фонддун төрагасы келерки жылы пенсия 7% көбөйөрүн билдирди

0
Кыргызстанда жаш курагына байланыштуу берилүүчү пенсия 2025-жылы 7% көтөрүлөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев 27-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Эмил Токтошевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди. 



"2025-жылдын бюджетине пенсияны 7% көтөрөбүз деп киргизип жатабыз. Жыл сайын эле алдын ала 7% деп киргизип келгенбиз. Бирок камсыздандыруу төгүмдөрү жакшы түшсө, дагы көбүрөөк кошууга аракет кылабыз", - деди Алиев.



Депутат Эмил Токтошев бул акча кымбатчылык күч алган учурда жетишсиз болорун айтып, кеминде 10% көтөрүү зарылдыгын айтты.



"Бюджет өстү, профицит деп атасыздар. Үч жылдан бери иштеп атасыз, пенсионерлердин таламын сизден башка ким талашат? Жети пайыз деп отурасыз. Кеминде 10 пайыз көтөрүңүз. Сунуш кылыңыз. 10 миң сом пенсия алган адамга 700 сом кошулат экен. Жыл сайын бюджетке акча кошулуп атат, ошого жараша пенсионерлердин саны дагы өсүп атат. Алардын колуна арзыбаган акча тийип жатканы менен ишиңер жок", - деди Токтошев.



Жогорку Кеңеш 27-ноябрдагы отурумунда "Социалдык фонддун 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап, 1-окуудан кабыл алды.


2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 18% жогорулады. 1-июлда пенсиянын базалык бөлүгү жогорулап, минималдуу пенсия 3500 сомго жеткирилген.


Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда пенсионерлердин саны жыл сайын 3-4% өсүп жатат. Социалдык фонд билдиргендей, 2024-жылдын октябрына карата өлкөдө 787 500 пенсионер бар. (ZKo)