Ливанда бомбалоодон жети киши каза болду, Израил мунаса шарттарын талкуулоодо
Ливандын борбор калаасында жана анын чет жакасында бүгүн 26-ноябрда Израилдин бомбалоосунан кеминде жети кишинин өмүрү кыйылды, дагы 37 киши жараат алды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып Associated Press кабарлады.
Шаардын борбордук бөлүгүндө бир үй толук талкаланганы, балдар жана аялдар Израил армиясынын (ЦАХАЛ) учкучсуз согуштук учактары пайда болгон жерлерден улам бир жакка качып, жолдордо тыгын пайда болуп, эл дүрбөлөң түшкөнү маалымдалды. Анын алдында израилдик аскерлер Бейруттун бир нече аймагынын тургундарын эвакуация болууга үндөгөн.
Израил Ливанда "Хезболла" тобунун (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) жоочуларына каршы күрөшүп жатканын айтууда.
ЦАХАЛ бүгүн Ливандын аймагын аткылаганын тастыктап, кыргын салуучу сегиз учак (истребитель) менен "Хезболланын" абадан коргонуу, чалгын, команда борборлору жана курал-жарак сакталган жайын бутага алганын, анын каржылык системасына каршы да чабуул жасаганын маалымдады жана эки мүнөттө 20 объектиге сокку урганын билдирди.
"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бүгүн 26-ноябрда өкмөттөгү негизги жетекчилер менен сүйлөшүү жүргүзүп, Ливандын аймагындагы атышууну токтотуу тууралуу АКШнын жана Франциянын ортомчулугу менен иштелип чыккан келишимдин шарттарын талкуулоодо. Ал кечинде атайын кайрылуу жасай турганы кабарланды.
Reuters кабарлагандай, мунаса табылса атышуу 27-ноябрдын таңынан тартып кеминде 60 күнгө токтойт, Израил Ливандын түштүгүндөгү аскерлерин чыгарып кетет, ал жерге жергиликтүү армия жайгаштырылат, Ливандын Израил менен чектеш тилкесинде, Литани дарыясынан түштүктү көздөй аймакта "Хезболланын" куралдуу топтору болбойт.
"Хезболла" Израилди аткылоосун улантып, өткөн жекшемби күнү 250дөй ракета учурган.
Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Израил азыркы сунушталып жаткан келишимден баш тартканы туура эмес болорун, анткени анда коопсуздугуна байланыштуу бардык шарттар камтылганын айтты.
"Чоң жетинин" тышкы иштер министрлери 26-ноябрдагы жыйынында Израил менен "Хезболланын" атышуусу тез арада токтотулушу керектигин белгилеп, Израилди эл аралык укукту урматтоого чакырышты.
Быйыл 23-сентябрдан бери Израил "Хезболлага" каршы "Түндүк жебе" операциясын жүргүзүүдө. Анын максаты топтун аскердик инфраструктурасын талкалоо жана Израилдин түндүк тилкесиндеги эвакуация болгон жарандарынын үйүнө кайтуусуна шарт түзүү экени белгиленген. Израилдин "Хезболла" менен кармашы күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн.
2023-жылдын 7-октябрында Израил Газа тараптан ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун кол салуусуна кабылганын, 1197 кишиси өлтүрүлгөнүн, 251 кишисин барымтага алып кетишкенин, эртеси күнү Ливан тараптан "Хезболланын" ракеталык аткылоосу болгонун билдирген жана аларга каршы согуш баштаган. Ошондон бери Газада 44 миңдей, Ливанда 3 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлоодо. АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү жүргүзгөн Газа боюнча ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан эмес. (RK)