ru24.pro
World News
Ноябрь
2024

Эрнст Акрамовдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди

0
Медицина илимдеринин доктору, Эл баатыры Эрнст Акрамовдун сөөгү 27-ноябрда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди. Белгилүү хирург менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.


Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев, парламенттин депутаттары жана дарыгерлер менен маркумдун жакындары катышты.




Эрнст Акрамов 26-ноябрда Бишкекте 89 жашында дүйнө салган. Ал илимдин 17 докторун жана кандидатын даярдап, 350дөн ашык илимий эмгек жазып, 23 патент алган. Эл аралык бир катар сыйлыктардын ээси. 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты болгон. 2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, бирок мандатынан баш тарткан.



2002-жылдан баштап, Саламаттык сактоо министрлигинин реконструкция-калыбына келтирүү хирургиясы илимий борборунун директору болуп эмгектенген. Кыргыз-орус славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору. 2007-жылы Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына депутат болгон.


Эрнст Акрамов 1936-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. (BTo)