ИИМ үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 37% көбөйгөнүн билдирди
Кыргызстанда ушул жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп (былтыр 10 айда 10 416 факты катталган).
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 12 001 коргоо ордери берилген. Анын ичинен 11 227си аялдарга, 529у эркектерге берилген. Андан тышкары 245 балага коргоо ордери берилген.
Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 3 288 протокол түзүлүп, сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 1 623 адам камакка алынып, 1 189 киши коомдук ишке тартылган.
Үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 447 кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Алардын ичинен 276 иш сотко жөнөтүлүп, 133ү кыскартылган. Дагы 38 иш өндүрүштө.
ИИМ кылмыш иштеринин 30у Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси, “Аффект абалында адам өлтүрүү” менен бир, “Ден соолукка оор зыян келтирүү” менен 23, “Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү” беренеси менен 24, “Ден-соолукка оор зыян келтирүү” менен 10, “Уруп-согуп кыйноо” менен 37, “Зордуктоо” беренеси менен 13, “16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” менен 7 жана “Ыплас аракеттер” беренеси менен 9 иш козголгонун билдирди.
Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси (WPS) боюнча, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылды. (BTo)