ru24.pro
World News
Ноябрь
2024

Мамлекеттик кызматка баргандарды ант берүүгө милдеттендирүү сунушталды

0
Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жумушка кирерде ант берүүгө милдеттендирүү сунушун берди. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор парламенттин сайтына коомдук талкууга чыгарылды.


Документте 2016-жылдагы мыйзамда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ант бере турганы жазылганы, бирок азыр иштеп жаткан мыйзамда мындай талап жок экени айтылат. Депутат ант мамлекеттик кызматкерлердин натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон этикалык, укуктук жана кесиптик стандарттарды калыптандырууда негизги ролду ойнойт деп эсептейт.


“Мен, .................. Кыргыз Республикасынын жараны, .............................. кызмат ордуна киришип жатып Кыргызстандын элинин алдында өзүмдүн жогорку жоопкерчилигимди түшүнүү менен Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого, өз ишимде мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерин орундоого, өз милдеттеримди ак ниет жана берилгендик менен аткарууга жана Кыргызстандын элине бүткүл билимиме жана берилгендигиме ылайык кызмат кылууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын Этика кодексинин ченемдерин сактоого салтанаттуу ант беремин. Берген антымды бузганым үчүн белгиленген жоопкерчиликти тартууга даярмын”, - деп айтылат долбоордо.


Ант берүүчү анттын текстине кол коёт жана аны кабыл алган датаны көрсөтөт. Ант адам кызматка киришкен учурдан тартып жети жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.


Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттин жана элдин алдындагы моралдык жана адеп-ахлактык жоопкерчилигин күчөтүү максатында иштелип чыкканы жазылган. (BTo)