"Эки судьяга ишенбейбиз". Журналисттердин иши, адвокаттардын талабы
25-ноябрда Бишкек шаардык сотунда журналисттер Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева жана Азамат Ишенбековдун иши карала баштады. Алардын адвокаттары ишти карган эки судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүп, алардын акыйкат чечим чыгарарынан шек санай турганын айтып жатышат.