ru24.pro
World News
Ноябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29
30

Кыргызстан Мамлекеттик ипотекалык компанияга 300 млн доллар насыя алат

0
Кыргызстан Евразия өнүктүрүү банкынан Мамлекеттик ипотекалык компания үчүн 300 млн доллар насыя алат.


Финансы министринин орун басары Руслан Татиков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 25-ноябрдагы жыйынында насыянын шарттары тууралуу маалымат берди. Анын сөзүнө ылайык, кредит Евразия өнүктүрүү банкынан 2024-жылдан 2026-жылга чейин жыл сайын 100 млн доллардан үч бөлүккө бөлүнүп алынат.


“Насыяны төлөө мөөнөтү 20 жыл. Анын 10 жылы жеңилдетилген мезгил жана бир пайыздан эсептелет”, - деди ал.




Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет кредиттик макулдашууну колдоду.


Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. Мамлекеттик ипотеканы наамында кыймылсыз мүлкү жок адамдар гана ала алат. Жалпы тогуз жылдык ишинде ишкана тогуз миңден ашык адамга ипотекалык насыя берген. Дагы 38 миңден көп киши кезекте турат.


Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл март айында Президенттин иш башкармалыгына өткөн. (BTo)