Тергөө абагындагы Султанбеков президентке кайрылды, ал ачкачылык кармоону улантууда
"Социал-демократтар" партиясынын лидери, учурда тергөө абагында жаткан Темирлан Султанбеков президент Садыр Жапаровго 23-ноябрда кайрылуу жолдогонун адвокаты Айбек Турдуев "Азаттыкка" ырастады. Анда Султанбеков өзүнүн конституциялык укугу бузулганын, Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо акыйкаттык болбогонун айткан.
Өзүнүн партиясы бийликтин кемчиликтерин каршылашуу үчүн эмес, конструктивдүү диалогго баруу максатында көрсөтүп келгенин белгилеген.
Шайлоочулардын добуштарын сатып алды деп айыптоого негиз болгон 15 миң сом акча үгүтчүлөрдүн айлык акысы экенин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтынан текшерүүгө болорун кошумчалаган. Күнөөсү жоктугун далилдөө үчүн, жалганды аныктоочу атайын детектордон өтүүгө даяр экенин билдирген.
Айбек Турдуевдин сөзүнө караганда, Темирлан Султанбеков 12 күндөн бери ачкачылык кармап, суу гана ичип жатат. Ал адвокатка бир аз алсыздыкты сезип жатканын, жалпысынан абалы жакшы экенин айткан.
Анын абалы тууралуу тиешелүү мекемелер маалымат бере элек. Президенттик администрация кайрылуу тууралуу азырынча комментарий берген жок.
Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алган.
Бишкек шаардык милициясы аларга 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат. Темирлан Султанбеков 14-ноябрда ачкачылык жарыялаган.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрдагы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (ZKo)