ru24.pro
World News
Ноябрь
2024

Нобел сыйлыгын алган Наргиз Мохаммади чукул медициналык жардамга муктаж экени айтылды

0
Дүйнөдөгү сөз жана чыгармачылык эркиндигин коргоо менен алектенген PEN America эл аралык уюму Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешине кайрылып, ирандык укук коргоочу Наргиз Мохаммадинин маселесине көңүл бурууга чакырды. Уюмдун ачык катында ал "тез арада медициналык жардамга муктаж болуп жатканы" белгиленди.


Мохаммади "бир нече оор илдетке чалдыкканы, тийиштүү медициналык жардамга муктаж экени", ошондуктан Иран бийлигин гумандуулукка чакырып, анын дарыланышына мүмкүнчүлүк берүүсүнө үндөө керектиги айтылды.


2023-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты болгон укук коргоочу, саясий туткун Наргиз Мохаммади түрмөдөн Тегерандагы ооруканалардын бирине которулганы өткөн айдын соңунда белгилүү болгон. Бул тууралуу күйөөсү Таги Рахмани билдирип, жубайы соңку эки айдан бери ооруп жатканын айткан.




Францияда бозгунда жашаган Рахманинин айтымында, абакка отургузулушу жана жардамдын кечиктирилиши Мохаммадинин ден соолугуна олуттуу залакасын тийгизди.


Мурдагы журналист, Ирандагы адам укугун коргоочулар борборунун вице-президенти, эки баланын энеси, 52 жаштагы Наргиз Мохаммади 13 жолу кармалып, беш жолу жалпысынан 31 жылга соттолгон. Соттун соңку чечимине ылайык ал "жарандык баш ийбөөчүлүк", "душмандык пропаганданы жайылтуу" деген сыяктуу беш айыптын негизинде 12 жылдык жаза мөөнөтүн өтөөдө. Талдоочулар ал Ирандагы кыз-келиндердин укугун жана эркиндигин коргоо кыймылынын башында турат деп белгилешет.


Эки жыл мурда, 2022-жылы 16-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы Махса Амини аттуу ирандык студент кыз полиция бөлүмүндө көз жумган. Полиция ал жүрөгү кармап каза болгонун маалымдаган, бирок күбөлөр кыз катуу сабалганын айтып беришкен.


Амини өлгөндөн кийин жалпы Иранда 1979-жылдагы Ислам ыңкылабынан берки эң ири нааразылык акциялары тутанган. Мохаммади сыяктуу бийлик сынчылары камакта отурганына карабастан, "Аялдар, өмүр, эркиндик" кыймылы негизделген. Амини абакта өлгөндөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталганда жүздөгөн кишилер кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган. "Ирандагы адам укуктары боюнча борбор" (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)