ru24.pro
World News
Ноябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Абхазиянын президенти нааразылыктардын фонунда кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди

0
Өзүн-өзү республика деп жарыялап алган Абхазиянын президенти Аслан Бжания нааразылыкка чыккандар Сухумидеги өкмөттүк имараттарды таштап чыгып кеткен соң кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал өзү туулган Тамыш айылында тарапкерлери менен жолугуп жатып айтканын "Азаттыктын" "Эхо Кавказа" кызматы жазды.


Грузиянын курамындагы, Москва колдогон жикчил Абхазиянын борбор калаасы Сухумиде бир нече күндөн бери нааразылык акциясын улантып жаткан оппозиция өкүлдөрү 15-ноябрда жергиликтүү парламент алдына чогулушкан. Алар Орусияга артыкчылык бере турган инвестициялык келишимден баш тартууну талап кылышкан.


Митингчилер эртең менен парламенттин тосмосунун бир бөлүгүн машина менен сүрдүрүп, короосуна кирип барышкан. Кийин полиция менен кагылышып, парламент имаратынын ичине кирип, президенттин кеңсесин ээлешкен.


Кагылышуу учурунда атылган октун үнү угулганы маалымдалган. Баштапкы маалыматтарда 13 киши жабыркаган.


Парламент Москва менен инвестициялык келишимди кароо жыйыны өтпөй калган соң оппозиция президентке аталган мыйзамды чакыртып алуусун талап кылып, антпесе кызматтан кетүүсүн ультиматум кылышкан.


"Свобода" радиосунун жазганына караганда, кийинчерээк Бжаниянын Сухуми шаардан чыгып кеткендиги маалым болгон. Анын пресс-кызматынын айтымында, ал түн ичинде Сухумиден 40 чакырым алыстыкта жайгашкан Тамыш айылына жеткен.


Грузиянын курамында болгон Абхазия менен Түштүк Осетия өздөрүнүн көз карандысыздыгын 1990-жылдардын башында эле жарыялашкан. 2008-жылдагы Грузия менен болгон согуштун жыйынтыгында Орусия алардын көз карандысыздыгын таанып, эки республиканын аймагына тең орус аскерлери жайгашкан.


Кийинчерээк БУУга мүчө болгон дагы төрт мамлекет – Никарагуа, Венесуэла, Науру жана Сирия – Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган. БУУнун документтеринде бул эки аймак Грузиянын региондору деп аталат. Тбилиси Абхазия менен Түштүк Осетияны расмий түрдө орус армиясы тарабынан басып алынган деп эсептейт. (ErN)