Ошто чоңойгон Володя: "Акча үчүн согушка барбагыла"
Ошто балдар үйүндө чоңойгон жаран Орусияда аны мажбурлап согушка барууга кол койдурушканын айтып берди. Ал "Азаттыкка" аскердик полигондо машыгып жаткан жеринен байланышка чыкты. Материал даярдалып жаткан маалда Володя ал бөлүктөн чыгарылып, Москвага жеткирилгени белгилүү болду.