Казакстанда аскердик тик учак кулап, бир киши каза болду
Казакстандын Актөбө облусунун Мартук районунда аскердик тик учак кулап, анын ичиндеги үч кишинин бири каза болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар департаменти билдирди.
Эки адам облустук ооруканага жаткырылды, алардын абалы туруктуу жана оор деп бааланууда. Ми-8 вертолёту 9-ноябрь түшкө маал Сарыжар айылынан алыс эмес аймакта кулаган. Окуя болгон жердеги сүрөттөрдө тик учактын калдыктары кар баскан талаада күйүп жатканын көрүүгө болот.
Коргоо министрлиги машыгуу учурунда тик учагы кулаганын тастыктап, кырсыкка “техникалык мүчүлүштүк” себеп болгонун божомолдоп жатат.