ru24.pro
World News
Ноябрь
2024

Бишкек-Ош жолундагы чектөөлөр алынды

0
Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" өткөрмө бекетинен жүк ташуучу автоунааларга 8-ноябрда киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.


Суусамыр – Талас - Тараз автоунаа жолундагы чектөө да алынды.


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-ноябрда жолдор тайгак болуп, ар кандай кырсыктарды жана тыгынды алдын алуу үчүн бир катар ашуулардагы жолдорго чектөө киргизген.




Мекеме 9-10-ноябрда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болорун эскертти. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы зарыл.


15-16-октябрда Төө-Ашууда кар жаап, жол тайгак болгондуктан, тыгын пайда болгон. (TSh)